Бизнести же стартапты ачууда маркетинг канчалык маанилүү? Маркетингде бүгүнкү күндө кандай каражаттар колдонулат? Аудиторияны кеңейтүү үчүн контентти кандай түзүү керек?

Бул суроолорго жооп табуу үчүн жума күнү, 30-сентябрында, саат 15:00те Нарын шаарындагы Нааматов атындагы НМУнун базасында жайгашкан агро центрде өтө турган тренингке бардык каалоочуларды чакырабыз.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар имиджти көтөрүү жана идея, бизнесин алдыга жылдыруу каражаттары тууралуу кенен маалымат алышат. Мындан сырткары, тренингти жыйынтыктоо жана алынган маалыматты бекитүү максатында катышуучулар үчүн атайын интерактив уюштурулат.

Кирүү акысыз, бирок орундардын саны чектелген!

Сураныч, жолугушууга катышуу үчүн алдын-ала төмөнкү контактылар аркылуу катталыңыз:

+996 990 708 479

Адрес: Нарын ш., Сагынбай Орозбак уулу көчөсу 25, НМУнун башкы корпусу.

Submit your response

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *