Жалал-Абад жаштар хабынын ачылышы

27-май күнү Жалал-Абад шаарында жаштар хабынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү🎉

Жаштар хабы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Энактас Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында ачылды.

Хабтын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акматов Мамасалы Такабаевич, Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматынын директору Жойболотов Сыргабек Токтосунович, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович, Жалал-Абад областынын органикалык айыл чарба департаментинин директору Режабалиев Абдуллатип Маматхасанович, Энактас Кыргызстан Коомдук Бирикмесинин Аткаруучу директору Сүйүнова Гүлбарчын Унгарбаевна, жана ошондой эле жергиликтуу жаш ишкерлер катышты.


“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

#EU4KG #youth4DGL #enactuskyrgyzstan