БУУӨП Кыргызстандын УДАС3.0 климаттык милдеттемелерин ишке ашырууга Өкмөт, жеке сектор жана жаштар менен кызматташууну улантууда.
Кечээ биз Digital4Climate.KG үч айлык хакатонун жыйынтыгына жеттик. Бул хакатон улуттук өнөктөштөрдү, жеке секторду, жаштарды жана академиялык коомчулукту бириктирип, климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган практикалык санариптик чечимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Хакатондун финалы жаш новаторлордун таланты жана креативдүүлүгү менен коштолду. Бул этапта мамлекеттин бардык аймактарынан 22 команда катышты. Жеңүүчүлөр төмөнкү тематикалык багыттар боюнча чечимдерди сунушташты:
Климаттык туруктуу айыл чарба
Сууларды башкаруу
Экологиялык билим берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу
Токойлорду коргоо жана токой ресурстарын башкаруу
Экосистемаларды калыбына келтирүү
Биздин жеңүүчүлөр:
Биринчи орунду Ботаниктер командасы жана Smart Теплица командасы, экинчи орунду Bars командасы жана GreenVUZ командасы, үчүнчү орунду Zero Waste Eco командасы ээледи.
Бул долбоорлор технология, инновация жана жаштардын активдүүлүгү аркылуу климаттык приоритеттерди практикалык жана масштабдуу чечимдерге айландырууга мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
#Digital4Climate.KG хакатону БУУӨПтүн тарабынан Энактас Кыргызстан, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, Элдик Банк, Geeks эл аралык IT академиясы жана ПроЛаб IT компаниялар тобу менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.
