“НАРЫН ЖАШТАР ОРДОСУ”  “Жаш Табышкер” долбоорунун алкагында агро-долбоорун баштамакчы!

“Нарын жаштар ордосу” 10 жылдан бери Нарын аймагында жаштарга арналган багыт берүүчү, бейформалдуу окутуучу долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Бул коомдук бирикме Enactus Кыргызстан уюмунун “Жаш Табышкер” долбоорунун алкагында €6000 грант жеңип алган жана  “Заманбап Чарба” аттуу долбоорун ишке ашырууну пландоодо. “Заманбап Чарба” долбоорунун максаттары:                             🔸️15 муниципалитеттен 200 жаш фермерлерди тандап алар менен иштешүү           🔸️ Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды иш менен камсыздоо жана ошондой эле аларга IT-борбордо санарип көндүмдөрдү үйрөтүү                                                      🔸️ “Айыл чарбадагы маселелер жана заманбап инновациондук технологиялар” тармагында форум уюштуруу                                                                                                       🔸️Жаш фермерлердин ассоциациясын түзүп, тренингтер, сурамжылоо, изилдөөлөрдү уюштуруу, айыл чарбачылык жаатында видеолорду тартуу ж.б.

Нарындын жаштарынын иш-чараларга активдүү катышып, Кыргызстандын агро тармагын күчөтүүсүнө салым кошуп, чоң ийгиликтерге жетүүсүнө тилектешбиз! 

Долбоор Enactus Кыргызстан тарабынан Европа Биримдигинин “Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо” программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

Submit your response

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *