2025-жылдын 30-августунда Ысык-Көл жээгинде «Таза Ысык-Колум» экологиялык акциясы өткөрүлдү. Анын негизги максаты — көлдүн табиятын сактоо жана экологиялык жоопкерчилик маданиятын жайылтуу.
Акцияны Enactus Кыргызстан студенттери жана Эко Деми — Дүйнөлүк Тазалык Күнүнүн расмий өкүлдөрү уюштурушту.
Иш-чара Чолпон-Ата шаарынын мэринин активдүү колдоосу менен өттү.
Өнөктөштөр катары Электрокомплекс компаниясы, ЭкоДеми коомдук фонду, Талисман пансионаты, Байтур Резорт мейманканасы жана суучулдар кызматтары катышышты.
Студенттердин, мэриянын, жергиликтүү бийликтин, бизнес жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракети аркылуу Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоого жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун экологиялык демилгелерин колдоого салым кошулду.