Түштүктөгү стратегиялык пландаштыруу

25-27 апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жаштары үчүн ачылган инклюзивдик, инновациялык аймактык Агрохабдардын потенциалын жогорулатуу максатында стратегиялык пландаштыруу болуп өттү. Иш чара “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында уюштурулду.   

Тренингдин негизги максаты агрохабдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен стратегияларды жана аракеттерди иштеп чыгуу жана макулдашуу болду. 

Иш-чаранын негизги милдеттери: 

Региондогу агрохабдардын ордун, ролун, көрсөтүлүүчү кызматтарды жана уникалдуулугун аныктоо; 

Агрохабтарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин талкуулоо; 

Инновациялык агрохабдардын стратегияларын, артыкчылыктарын жана негизги милдеттерин иштеп чыгуу; 

Жалпы командалык духту калыптандыруу жана хабдардын ортосунда тармактык байланыштарды түзүү. 

Бул иш-чаралар облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жаштардын позициясын бекемдөөгө жана агрохабдардын ишинде инновациялык жана инклюзивдик ыкмаларды колдоого багытталган. 

Эскертүү. 

Агрохабтар Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында иштеп жатат. Алар айыл чарба секторунда туруктуу киреше алып келүүчү экологиялык чакан ишканаларды өнүктүрүүдө жергиликтүү жамааттардын, атап айтканда жаштардын, аялдардын жана жаштар арасында аялуу катмардын потенциалын көтөрүү, бекемдөө үчүн бардык зарыл ресурстар менен жабдылган. 

“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.