Categories: Новости

АКСЕЛЕРАЦИОНДУК ПРОГРАММАГА БИЗНЕС УСТАТТАРДЫ(МЕНТОР) КАБЫЛ АЛУУ

Enactus Кыргызстан айыл чарба стартаптарын күчөтүү максатында бизнес устатчылык(менторлук программасы) программасынын алкагында Ош жана Жалал-Абад шаарларынан жаш ишкерлер жана жаш ишкер айымдар(менти) үчүн бизнес-өкүл ата жана бизнес өкүл энелерди кабыл алууну жарыялайт. Бизнес Устатчылык программасынын башталышы жана аяктоо мөөнөтү: 2022-жылдын август айынын – 2023-жылдын февраль айына чейин.

Биз өз бизнесинде ийгиликтүү тажрыйбасы бар бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелерди төмөнкү критерийлер боюнча издейбиз:                                                              Бизнес өкүл-ата жана бизнес өкүл-эне (ментор) болуу каалоосу;                                  Позитивдүү иш репутациясы менен;                                                                                    Өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр жана жөндөмдүү болуу;                              Жаш ишкерлер менен баарлашууга керектүү убакытты бөлүүгө даяр болуу;        Жеке иштей билүүгө даяр болуу;                                                                                            Бизнес Устатчылык программасын өтүүгө жана өз убактысын жумшоого даяр болуу;                                                                                                                                                      Бардык этаптарда офлайн жана онлайн консультациялары менен өз ыктыяры менен жаш ишкерлерди коштоп жүрүүгө даяр болуу.

Бизнес Устатчылык программасынын максаты: Жаш ишкерлердин жана ишкер айымдардын стартаптарын өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн аларга билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү берүү!

Бизнес Устатчылык программасынын милдеттери:                                                            Тренинг (окутуу) аркылуу катышуучулардын потенциалын жогорулатуу; каржылоо жана колдоо аркылуу мыкты идеяларды бекемдөө жана стимулдаштыруу; насаатчылык аркылуу тажрыйбалуу бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелер жана жаш ишкерлердин ортосунда бекем байланыштарды түзүү;        Тандоодон өткөн бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелер үчүн лидерлик жана насаатчылык сапаттарын жогорулатуу боюнча окуу программасы каралган;            Бизнес устаттарга программага катышкандыгы үчүн акы төлөнбөйт, бирок баарлашуулар жана жолугушуулар бизнес устаттар жана жаш ишкерлер үчүн ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу жерде, баарлашуунун ыңгайлуу жолу менен өтүшү керек;                                                                                                                                                    Талапкерлердин бизнес устат катары катышууга анын ичинде устатчылык тажрыйбасы жана устатчылык функцияларына тиешелүү бизнести пландаштыруу көндүмдөрү бар болсо, билдирмелерди жана резюмелерди enactuskyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине «Акселерациондук программага ментор» темасы менен жибериниз.

Шилтеме форманы толтуруңуз:                                                                                                      https://docs.google.com/forms/d/1NLfYUG4FXM4t4zi7ytZzMrmt7KPF6H391he2LowktUg/edit

Мөөнөтү: 2022-жылдын 3-август айынын, 23:59 ге чейин.

Admin

Recent Posts

Дорогие женщины и девушки!

Команда Enactus Кыргызстан от всего сердца поздравляет вас с Международным женским днём! Пусть каждый ваш…

3 недели ago

Урматтуу достор!

Бүгүн биз Кыргызстандын улуттук убадасы - Ак калпак күнүн белгилеп жатабыз! Ак калпак - биздин…

3 недели ago

Winter Camp Enactus 2026

Winter Camp Enactus 2026 стал одной из ключевых образовательных площадок года для сообщества Enactus Кыргызстан.…

4 недели ago

В Enactus Кыргызстан стартовали тренинги для PR-отделов команд

Сегодня важно, чтобы проекты и коммуникации работали вместе. Сильная идея должна быть правильно представлена, понятна…

4 недели ago

Дорогие аламники Enactus Кыргызстан

Сколько бы лет ни прошло с вашего выпуска, вы остаётесь частью нашего большого сообщества. Каждый…

4 недели ago

Улуттук хакатон Digital4Climate.KG

БУУӨП Кыргызстандын УДАС3.0 климаттык милдеттемелерин ишке ашырууга Өкмөт, жеке сектор жана жаштар менен кызматташууну улантууда.…

1 месяц ago