Enactus Кыргызстан айыл чарба стартаптарын күчөтүү максатында бизнес устатчылык(менторлук программасы) программасынын алкагында Ош жана Жалал-Абад шаарларынан жаш ишкерлер жана жаш ишкер айымдар(менти) үчүн бизнес-өкүл ата жана бизнес өкүл энелерди кабыл алууну жарыялайт. Бизнес Устатчылык программасынын башталышы жана аяктоо мөөнөтү: 2022-жылдын август айынын – 2023-жылдын февраль айына чейин.
Биз өз бизнесинде ийгиликтүү тажрыйбасы бар бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелерди төмөнкү критерийлер боюнча издейбиз: Бизнес өкүл-ата жана бизнес өкүл-эне (ментор) болуу каалоосу; Позитивдүү иш репутациясы менен; Өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр жана жөндөмдүү болуу; Жаш ишкерлер менен баарлашууга керектүү убакытты бөлүүгө даяр болуу; Жеке иштей билүүгө даяр болуу; Бизнес Устатчылык программасын өтүүгө жана өз убактысын жумшоого даяр болуу; Бардык этаптарда офлайн жана онлайн консультациялары менен өз ыктыяры менен жаш ишкерлерди коштоп жүрүүгө даяр болуу.
Бизнес Устатчылык программасынын максаты: Жаш ишкерлердин жана ишкер айымдардын стартаптарын өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн аларга билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү берүү!
Бизнес Устатчылык программасынын милдеттери: Тренинг (окутуу) аркылуу катышуучулардын потенциалын жогорулатуу; каржылоо жана колдоо аркылуу мыкты идеяларды бекемдөө жана стимулдаштыруу; насаатчылык аркылуу тажрыйбалуу бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелер жана жаш ишкерлердин ортосунда бекем байланыштарды түзүү; Тандоодон өткөн бизнес өкүл ата жана бизнес өкүл энелер үчүн лидерлик жана насаатчылык сапаттарын жогорулатуу боюнча окуу программасы каралган; Бизнес устаттарга программага катышкандыгы үчүн акы төлөнбөйт, бирок баарлашуулар жана жолугушуулар бизнес устаттар жана жаш ишкерлер үчүн ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу жерде, баарлашуунун ыңгайлуу жолу менен өтүшү керек; Талапкерлердин бизнес устат катары катышууга анын ичинде устатчылык тажрыйбасы жана устатчылык функцияларына тиешелүү бизнести пландаштыруу көндүмдөрү бар болсо, билдирмелерди жана резюмелерди enactuskyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине «Акселерациондук программага ментор» темасы менен жибериниз.
Шилтеме форманы толтуруңуз: https://docs.google.com/forms/d/1NLfYUG4FXM4t4zi7ytZzMrmt7KPF6H391he2LowktUg/edit
Мөөнөтү: 2022-жылдын 3-август айынын, 23:59 ге чейин.