13-14-июль күндөрү Кадамжай районунун Гавыян жайлоосунда эки күндүк эко- лагерь уюштурулуп, анда Баткен, Ош, Жалал-Абаддан келген 17 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катышты.
Эко-лагерь жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүк, айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл көндүмдөр, лидерлик, өзүн-өзү өнүктүрүү, оратордук чеберчилик боюнча багыттарда өттү. Жогорудагы багыттардагы билимдерди Оштон келген Медер Абдыманапов, Милана Мыктаралиева, Мухаммадиёр Захиджанов сыяктуу тренерлер өз билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Жогоруда аталган билимдер менен гана чектелбестен, жаштар үчүн экологияга жана жашыл көндүмдөргө байланыштуу оюндар, эстафеталар да уюштурулду. Ошондой эле “Биз таза коом үчүн” деген ураандын астында катышуучулар менен биргеликте ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөгө ташталган таштандылар тазаланды. Бул аракет жаштарды тазалыкка, айлана-чөйрөнү сактоого, таштандыларды туш тарапка таштабоого үйрөтөт.
Тренинг «Жаштар үчүн санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр» долбоорунун алкагында «Жашыл жана санариптик жаштар делегаттары» программасынын делегаты Арипов Атабек тарабынан уюштурулган.
“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
#EU4KG #youth4DGL #enactuskyrgyzstan
Если ты умеешь координировать проекты, работать с командами, организовывать мероприятия и хочешь работать с предпринимателями,…
Команда Enactus Кыргызстан от всего сердца поздравляет вас с Международным женским днём! Пусть каждый ваш…
Бүгүн биз Кыргызстандын улуттук убадасы - Ак калпак күнүн белгилеп жатабыз! Ак калпак - биздин…
Winter Camp Enactus 2026 стал одной из ключевых образовательных площадок года для сообщества Enactus Кыргызстан.…
Сегодня важно, чтобы проекты и коммуникации работали вместе. Сильная идея должна быть правильно представлена, понятна…
Сколько бы лет ни прошло с вашего выпуска, вы остаётесь частью нашего большого сообщества. Каждый…