Баткен жаштар хабынын ачылышы

27-май күнү Баткен шаарында жаштар хабынын ачылыш аземи болуп өттү🎉

Жаштар хабы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Энактас Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында ачылды.

Жаштар хабынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мадяров Тимур Мысырович, Баткен шаарынын вице-мэри Орозов Акылбек Курбанбекович, Баткен ЖИАнын аткаруучу директору Газыев Муратбек Абдихалилович жана Энактас Кыргызстан коомдук бирикмесинин координатору Алтынай Жумабекова, ошондой эле жергиликтүү жаш ишкерлери да иш-чарага катышышты.


“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

#EU4KG #youth4DGL #enactuskyrgyzstan