27-ноябрь 2025-жылы Бишкек шаарында жаштарды онлайн-мейкиндикте коргоого жана санариптик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган Санариптик коопсуздук боюнча Каравандын расмий ачылышы болуп өттү.
Демилге Enactus Кыргызстан тарабынан UNICEFтин колдоосу менен, UNiTE / «Зомбулукка каршы 16 күндүк активизм» глобалдык кампаниясынын алкагында ишке ашырылууда.
Караван өлкө боюнча 80 миңден ашуун жаштарды камтып, жеке маалыматтарды коргоо, онлайн-алдамчылыкты таануу, коопсуз онлайн-баарлашуу, кибербуллингден коргонуу жана санариптик гигиена боюнча практикалык билим берет.
📌 Иш-чарага катышкан коноктор:
— Лейла Хасанова, UNICEF өкүлүнүн орун басары
— Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги
— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
— Илим жана жогорку билим берүү министрлиги
— Жогорку окуу жайлары
— Жаштар уюмдары, НКО жана өнөктөштөр
🗺️ Караван Кыргызстандын 7 шаарын кыдырат:
Бишкек — 27 ноябрь
Каракол — 28 ноябрь
Нарын — 29 ноябрь
Баткен — 1 декабрь
Ош — 2 декабрь
Манас — 3 декабрь
Талас — 9 декабрь
Караван санариптик коопсуздук боюнча маанилүү маалыматтарды жеткиликтүү, практикалык жана жаштарга ылайыктуу форматта сунуштайт. Максат — жаштардын санариптик туруктуулугун күчөтүү жана онлайн-мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу.
***
Санариптик коопсуздук караваны Enactus Кыргызстан тарабынан UNICEFтин колдоосу менен, UNiTE глобалдык кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, өлкөнүн бардык шаарларын камтыйт.
