“Жаштар саясатынын отличниги” сыйлыгы
25-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Жаштар саясатынын отличниги» медалы менен Энактас Кыргызстан уюмунун кеңешчиси Гүлбарчин Суюнова жана Энактас Кыргызстандын аткаруучу директору Алтынай Жумабекова сыйланышты.
Биздин ишибизге жогору баа бергени үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул таануу бизди алдыга умтулууга, жаштардын ишкердигин жана коомдук демилгелерин өнүктүрүүдө жаңы бийиктиктерге жетишүүгө шыктандырат.
Биргелешкен аракет менен өлкөбүздүн жаштарынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, мындан да көп ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенебиз!