Ойлон ойгон долбоору

Ойлон ойгон бул Ош шаарындагы алгачкы жаштар медиахабы.

Бул жакта жалпы жаш жарандарга азыркы учурда керек болгон медиа жөндөмдөр менен бөлүшөбүз.
Мисалы, сен кызыктуу бир контент жараткың келет. Ал үчүн биринчиден кызыктуу сценарий жазуу керек, андан соң аны туура тартып жана монтаждоо зарыл. Ошондой эле моушн дизайн, үн жазуу жана камерага сүйлөө чеберчилигин да билүү керек болот. Эң кызыгы бул нерсенин баарын биздин медиахабта бекер үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгүң бар.

Мунун баарын биз эмне үчүн кылабыз?

Анткени биздин максатыбыз шаарыбызда пайдалуу жана керектүү контент жараткан жаш медиа креаторлордун пайда болушу.

“Ойлон ойгон” долбоорун Энактас Кыргызстан уюму жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүнүн колдоосу менен Активдүү ыктыярчылар коомдук уюму ишке ашырууда.


“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

#EU4KG #youth4DGL #enactuskyrgyzstan