Categories: Без рубрики

2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында БУУӨПдун #Digital4Climate.KG улуттук хакатонунун үчүнчү регионалдык тандоо туру болуп өттү.

Борбор калаада өткөн тандоо туру Бишкек шаары жана Чүй облусунан келген командаларды бириктирип, улуттук хакатондун финалына чейинки негизги этаптардын бири болду.
Жаштар командаларын колдоо үчүн иш-чарага Жаратылыш ресурстары министрлиги, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Бийик технологиялар паркы, Geeks эл аралык IT-академиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө 22 команда өздөрүнүн MVP-долбоорлорун калыстар тобуна сунуштап, алардын ичинен 10 команда өлкөнүн бардык аймактарынан чыккан мыкты командалар менен атаандашуу үчүн хакатондун финалына жолдомо алышты.
Долбоорлор төмөнкү багыттар боюнча сунушталды:
• энергияны үнөмдөө;
• суу ресурстарын башкаруу;
• климаттын өзгөрүшүнө адаптация;
• туруктуу айыл чарбасы;
• санариптик климаттык агартуу.
Командалар практикалык ыкмаларды колдонуп, жогорку деңгээлдеги активдүүлүктү жана аймактык климаттык чакырыктарды жакшы түшүнгөндүгүн көрсөтүштү.
Эске салсак, буга чейин хакатондун регионалдык тандоо турлары өлкөнүн башка аймактарында да өткөн:

📍 2025-жылдын 12-декабрында Ош шаарында Кыргызстандын түштүк аймактары (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары) үчүн тандоо туру болуп өттү. Питчингге 24 команда катышып, алардын 7 командасы хакатондун финалына өттү.
📍 2025-жылдын 18-декабрында Каракол шаарында түндүк аймактар — Ысык-Көл жана Нарын облустары үчүн тандоо туру өткөрүлдү.
10 команда долбоорлорун сунуштап, алардын 6 командасы финалга жолдомо алышты.

Demo Day — Digital4Climate.KG улуттук хакатонунун финалдык этабы — 2026-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында өтөт.
Финалда өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган мыкты командалар өздөрүнүн санариптик жана инновациялык чечимдерин эксперттик калыстар тобуна жана демилгенин расмий өнөктөштөрүнө сунушташат.

Digital4Climate.KG хакатону Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталган салымын (УДАС3.0) ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, өлкөнүн улуттук климаттык күн тартибинин артыкчылыктарына шайкеш келет.

Enactus

Recent Posts

Дорогие женщины и девушки!

Команда Enactus Кыргызстан от всего сердца поздравляет вас с Международным женским днём! Пусть каждый ваш…

3 недели ago

Урматтуу достор!

Бүгүн биз Кыргызстандын улуттук убадасы - Ак калпак күнүн белгилеп жатабыз! Ак калпак - биздин…

4 недели ago

Winter Camp Enactus 2026

Winter Camp Enactus 2026 стал одной из ключевых образовательных площадок года для сообщества Enactus Кыргызстан.…

4 недели ago

В Enactus Кыргызстан стартовали тренинги для PR-отделов команд

Сегодня важно, чтобы проекты и коммуникации работали вместе. Сильная идея должна быть правильно представлена, понятна…

1 месяц ago

Дорогие аламники Enactus Кыргызстан

Сколько бы лет ни прошло с вашего выпуска, вы остаётесь частью нашего большого сообщества. Каждый…

1 месяц ago

Улуттук хакатон Digital4Climate.KG

БУУӨП Кыргызстандын УДАС3.0 климаттык милдеттемелерин ишке ашырууга Өкмөт, жеке сектор жана жаштар менен кызматташууну улантууда.…

1 месяц ago