18-декабрда Каракол шаарында Кыргызстандын түндүк аймактары үчүн Digital4Climate.KG улуттук хакатонунун тандоо туру болуп өттү

Тандоо туруна Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген командалар катышып, өз аймактарына мүнөздүү климаттык чакырыктарды чечүүгө багытталган санариптик жана инновациялык долбоорлорун сунушташты.

Катышуучулар долбоорлорун төмөнкү багыттар боюнча сунуштады: кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны үнөмдөө, суу ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүшүнө адаптация, туруктуу айыл чарбасы жана санариптик климаттык агартуу.

Командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, практикалык ыкмаларын жана климаттык аракеттерге активдүү катышууга болгон умтулуусун көрсөтүштү. Айрыкча тоолуу жана айылдык аймактар үчүн актуалдуу болгон чечимдерге өзгөчө көңүл бурулду.

📍 Бишкек шаарындагы тандоо туру Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары үчүн 23-декабрда өтөт.