Табигый жүндөн тигилген кийимдердин адамдын ден соолугуна пайдалуу таасири бар экени бардыгына белгилүү болсо керек.

Жүн абанын өтүшүнө жана нымдуулуктун тартып алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле жагымдуу температураны кармап турат. Мындан тышкары, жүн жипчелери кан айлануу процессин жогорулатат.

Эгерде сиз Нарын шаарына жакын жерде турсаңыз жана көптөн бери жүн менен иштөөнү үйрөнгүңүз келсе, анда төмөнкү маалымат сиз үчүн!

5-декабрда «Кыргыз Жүн» ишканасынын өкүлү Нургүл Нурмамбетованын жүндү иштетүү боюнча атайын тренинг болуп болот.

Дата: 5-декабрь

Убактысы: 14:00-15:30

Өткөрүү орду: Нарын мамлекеттик университетинин базасында Нарын районундагы Инновациялык агро борбор.

Дареги: Сагынбай Орозбак уулу 25

Жолугушууга катталуу үчүн @enactus.nsu баракчасына же 0709797976 номер аркылуу кайрылыңыз.

Орундардын саны чектелген!

Submit your response

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *